16.04.2020 11:18

Муфтий орозо алдында элге кайрылуу жасап, карантиндин шарттарын бекем сактоого үндөдү

Муфтий орозо алдында элге кайрылуу жасап, карантиндин шарттарын бекем сактоого үндөдү

Муфтий Максат ажы Токтомушев Рамазан айынын алдында элге видеокайрылуу жасады. Кайрылууда сабырдуу болуп, карантиндин шарттарын так сактоого чакырды.

Кыргызстанда өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылгандыктан Рамазан айында таравих намазы үйдөн окуларын белгиледи.

«Абал турукташканга чейин таравих намазын үйдө окуйбуз. Жума намаздын ордуна бешим намазын, беш убак намазды үйдө окуп жаткандан кийин таравих намазын да үйдө бала-чака менен окуп турабыз», — деди Максатбек ажы Токтомушев.

Коронавирус илдетине байланыштуу кырдаалдан улам орозо кармагандар ооз ачууну да үйдөн кыларын кошумчалады.

Бүгүн, 16-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталды. Жалпысынан СOVID-19 инфекциясына чалдыккандардын саны 466 кишиге жетти. Ичинен – 251 аял, 215 эркек. Республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 104 учур катталды. Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө 91 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель деп божомолдоп жатат.