Мухаммедкалый Абылгазиев: Кыргызстанда күнүнө 70 миң медициналык бет кап тигилүүдө

Мухаммедкалый Абылгазиев: Кыргызстанда күнүнө 70 миң медициналык бет кап тигилүүдө

Кыргызстанда күнүнө 70 миң бет кап тигилип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Абылгазиев коомчулук дүрбөлөңгө түшкөн кезде 3,5 миллион беткап үч күндүн ичинде түгөнүп калганын кошумчалады.

Анын айтымында, коронавирус боюнча дүйнөдө кырдаал курчуп бара жатканда эле Кыргызстанда 3,5 миң маска болчу. Аны 3 күн ичинде сатып алып коюшкан.

“Ортодо кызыл кулактык кылып миллиондогон беткаптарды алып коюшуп, башка мамлекеттерге сатуу аракети болду. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 1,5 миллион масканы таап чыкты. Алар беткапты башка мамлекетке же кымбаттаганда сатабыз деп катып коюшкан”, - деди премьер-министр.

Өкмөт башчы учурда Ош, Бишкекте бет кап тигилип, күнүнө 70 миң маска чыгып жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы дарыканаларда дагы эле медициналык маскалар тартыш. Саламаттыкты сактоо министрлиги баасы 10 сомдон кымбаттатууга тыюу салган. 

Учурда социалдык тармактарда дарыканаларда медициналык беткап жок калганы, кымбат сатылып жатканы байма-бай жазылууда.