04.06.2018 13:57

Мухаммедкалый Абылгазиев: Кыз ала качкандар реалдуу жаза мөөнөтүн алууга тийиш

Мухаммедкалый Абылгазиев: Кыз ала качкандар реалдуу жаза мөөнөтүн алууга тийиш

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-июнда, никеге туруу үчүн  аялдардын эркине каршы ала качуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министрге 19 жаштагы Бурулай Турдали кызын күчтөп никеге туруу максатында ала качуу жана кийинчерээк Жайыл райондук РИИБ имаратында өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин иликтөөгө байланыштуу мындан мурда берилген тапшырмалардын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Өкмөт башчы белгилегендей, бул мыкаачылык көрүнүш жана жарандарды кылмышкерлерден сактоочулардын кылмыштуу шалаакылыгы жалпы мамлекеттин аброюна көлөкө түшүрүүдө.

«Эгерде адам укугун сактай албасак, анда кайсы өнүгүү тууралуу кеп кылууга мүмкүн? Күчтөп никеге туруу кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар жактардын гана күнөөсү эмес, жалпы коомдун өнүгүүсү үчүн тоскоолдук келтирүүчү фундаменталдуу адам укугун бузуу болуп саналат. Бурулайдын кайгылуу окуясы коомдун “салтка айланган” ала качуу көрүнүшүнө карата мамилесин түп-тамырынан карай өзгөртүүгө чакырык болуусу керек. Бул көрүнүштүн кыргыз элинин салтына жана маданиятына эч кандай тиешеси жок»,- деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы укук коргоо органдары аялдарга жана балдарга карата зомбулук көрсөтүүгө байланышкан кылмыш иштерин биринчи кезекте жана тыкыр кароосу зарылдыгын баса белгиледи.

«Никеге күчтөп тургузуу, ошондой эле кыз ала качуу тажрыйбасы токтотулушу керек. Күнөөлүү жактар тараптардын элдешүүсүнөн көз-карандысыз түрдө реалдуу жаза мөөнөтүн алуусу тийиш. Коомдо аялды никеге күчтөп тургузуу максатында ала качуу окуяларына жол берилбеши керек», - деди Премьер-министр.

Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчыга учурда Башкы прокуратура тарабынан ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата кызматтык милдеттерин аткаруудагы адам өлүмүнө алып келген шалаакылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгону маалымдалды.

Премьер-министр ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кол алдындагылардын аракеттерин көзөмөлдөбөгөн ички иштер органдарынын кызматтык адамдарына карата атайы кадрдык чечимдерди көрүүнү тапшырды.

«Бирок күч түзүмдөрүнүн аракети жалгыз болбошу керек. Бардыгы мамлекеттен көз каранды эместигин түшүнүп турам. Мен аксакалдардан, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн, маданият ишмерлеринен, жалпыга маалымдоо каражаттарынан бул көйгөйгө өзгөчө көңүл бурууну суранам. Биз күнүмдүк турмушубузда тигил, же бул салттарга туура мамиле кылышыбыз кажет. Инсандын укуктары жана мыйзам бузулбоого тийиш», - деп баса көрсөттү Премьер-министр.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев укук бузуулардын алдын алуу маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо жана талдоо жүргүзүү, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары Ички иштер министрлигине кылмыш иштерин ар тараптуу, толук жана акыйкат тергөөнү камсыздоо, ошондой эле үй-бүлө жана жашы жете электерге карата кылмыш жоопкерчилигин күчтөндүрүү боюнча сунуштарды 2018-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Өкмөткө киргизүү тапшырылды.

Тармактык министрликтерге жана ведомстволорго никеге туруу үчүн ала качуунун алдын алуу максатында туруктуу негизде маалыматтык иштерди жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Кеңешменин жыйынтыгында аялдарга жана балдарга карата зомбулук көрсөтүү маселесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн адам укуктары боюнча Координациялык кеңешинде кароо чечими кабыл алынды.