16.03.2020 13:06

Мухаммедкалый Абылгазиев: Коронавирус Кыргызстандын босогосунда турат. Текшерүү күчөтүлөт

Мухаммедкалый Абылгазиев: Коронавирус Кыргызстандын босогосунда турат. Текшерүү күчөтүлөт

Коронавирус жакындай баштады, текшерүү күчөтүлөт. Мындай пикири менен өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-мартта уюштурган брифингде бөлүштү.

«Коронавирусту жугузуп алган адамдардын Казакстандан жана Өзбекстандан аныкталышы менен оору Кыргызстанга жакындады», - дейт өкмөт башчы.

Айтымында коңшу мамлекеттен Кыргызстандын аймагына кирген жарандар дыкат текшерүүдөн өткөрүлө баштайт.

Ошол эле маалда Мухаммедкалый Абылгазиев товар ташуу тармагында тоскоолдуктар болбойт деп билдирди. Бул себептүү дүрбөлөң салууга негиз жок билдирди.