13.06.2018 12:50

Мухаммедкалый Абылгазиев Сапар Исаков жана Сооронбай Жээнбеков иштеген 2017-жылдын өкмөттүк отчетун берди

Мухаммедкалый Абылгазиев Сапар Исаков жана Сооронбай Жээнбеков иштеген 2017-жылдын өкмөттүк отчетун берди

Кечээ Жогорку Кеңеште тушүнүксүз абал жаралды. Эл өкүлдөрүнүн туңгуюкка кептелишине өзүлөрү күнөөлү. 

Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев өкмөттүн былтыркы иштери тууралуу тармактык комитетке отчет берди. Абылгазиевдин иштеп жатканына аз убакыт болгондуктан, депутаттар өкмөттүн 2017-жылкы ишин жакшы деп таба турган болсо, анда Сапар Исаковду жактап, аны отставкага жөн эле кетирген болуп калышмак. Ошол эле учурда, отчетко ыраазы эмеспиз деген сөз "Абылгазиевди анча жактырбайбыз" дегенге жакындай түшмөк.

Өйдө тартсаң өгүз өлүп, ылдый тартсаң араба сына турган болуп калды. Акыры бул маселеге башка күнү чекит коёбуз деген чечимге келишти.