18.04.2020 14:22

Мурунку депутат коронавирус жугузган дарыгерлердин окуясын иликтейт. Тапшырманы өкмөт башчы берди

Мурунку депутат коронавирус жугузган дарыгерлердин окуясын иликтейт. Тапшырманы өкмөт башчы берди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев №17 Үй-бүлөлүк медицина борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча тергөө жүргүзүүнү жана күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин кароону тапшырды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бул тапшырманын аткарылышын көзөмөлдөө вице-премьер-министр Аида Исмаиловага жүктөлгөн.

Белгилей кетсек, Чоң-Арык айылындагы №17 Үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеген 4 дарыгер коронавирус жуктуруп алган. Алар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Ал эми алар менен бирге иштеген медицина кызматкерлери обсервацияга жаткырылган.

Жалпысынан Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясына 506 киши чалдыкты. Ичинен 116сы медицина кызматкерлери.  

130 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап илдеттен көз жумду.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.