26.04.2018 12:29

Сапар Исаковду коопсуздук кызматына суракка чакырышты

Сапар Исаковду коопсуздук кызматына суракка чакырышты

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковду күбө катары МУККка суракка чакырышты. Бул тууралуу Исаков өзү Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасында билдирди.  Ага кошуп, чакыруу кагазынын сүрөтүн да жүктөдү.

Чакыруу кагазында жазылгандай, Сапар Исаков бүгүн саат 15:00до Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына сурак берүүгө келиши керек.

Келбеген учурда, күч колдонулаары жазылат чакырууда.  Сапар Исаков өзү кайсы иш боюнча күбөлүккө чакырылып жатканын  маалымдаган жок.