13.05.2018 17:00

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковду кайра УКМКга суракка чакырышты

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковду кайра УКМКга суракка чакырышты

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковду кайра УКМКга суракка чакырышты. Бул туурасында April.kg порталына өздүк булактан белгилүү болду. 

Сурак 14-майга, саат 10:00гө белгиленген. Эскерте кетсек, Сапар Исаков буга чейин 26-апрелде УКМКда болгон болчу. Анда мурунку өкмөт башчыны Бишкек ЖЭБиндеги модернизация боюнча күбө катары чакырышкан эле. 

Сапар Исаковду коопсуздук кызматындагылар 3 саатка жакын сурашкан. 

Чыккан соң, ал кабарчыларга: "Сөзсүз түрдө бардыгы иликтениши керек. Бул -туура. Коомчулук  бул иштин бардык тарабын билиши керек", -деп билдирген.