05.12.2019 18:25

Мурунку өкмөт башчылар соттолуп жаткан кесиптешин колдоп чыгышты

Мурунку өкмөт башчылар соттолуп жаткан кесиптешин колдоп чыгышты

Кыргызстандын мурдагы сегиз премьер-министри Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча айыпталып жаткан экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиевди колдоп, кайрылуу таратышты.

Кесиптешин колдогон кайрылууга өкмөттү ар кайсы жылдары башкарган Апас Жумагулов, Турсунбек Чынгышев, Амангелди Муралиев, Феликс Кулов, Кубанычбек Жумалиев, Игорь Чудинов, Жоомарт Оторбаев жана Темир Сариев кол койгон.

Анда бул кылмыш ишинин алкагында Сатыбалдиевди 11 жылга соттоо боюнча мамлекеттик айыптоонун өтүнүчү туура эмес экени айтылып, иштин материалдарында мурдагы премьердин мыйзам бузган бир да аракети аныкталбаганы жөнүндө кеп болот. Кайрылууга кол койгондор тергөө жана сот органдарын ишти обьективдүү кароого чакырып, күнөөсүз адам соттолуп кетиши мүмкүн экенин эскертишкен.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу соттук иш дээрлик аяктап калды.

Прокурорлор ЖЭБдеги коррупция боюнча ишке байланыштуу Сапар Исаковду 15 жылга, Айбек Калиевди 17 жылга, Жантөрө Сатыбалдиевди, Салайдин Авазовду, Жолдошбек Назаровду, Темирлан Бримкуловду 11 жыл 3 айга, Ольга Лаврованы 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну суранып жатышат. Айыптоочулар Осмонбек Артыкбаевге 100 миллион сом айып пул салууну өтүнүшкөн.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Мурдагы эки премьер-министр, энергетиктер жана мурдагы финансы министри болуп баш-аягы сегиз мурдагы аткаминер «Коррупция» беренеси менен айыпталып жатат.