19.12.2019 14:23

Мөөр басылып бекитилген «Медиафорумдун» ичиндеги кабинеттерге ким кирип жатат?

Мөөр басылып бекитилген «Медиафорумдун» ичиндеги кабинеттерге ким кирип жатат?

Камакка алынган «Медиафорумдун» мөөр менен бекитилген имаратына белгисиз бирөөлөр уруксааты жок, мыйзамсыз киришкен. Бул тууралуу «Апрель»  телеканалына «Медиа Форум» ААКнун башкы директору Дамир Кожомкулов билдирди.

Күн мурун, 18-декабрда «Медиафорумдун» үчүнчү кабатында жайгашкан КСДП партиясынын офисине милиция кызматкерлери киришкен.

Дамир Кожомкуловдун билдирүүсүнө караганда, эртең менен ал офистин жанына келгенде имараттын жанында милиция кызматкерлери турушкан. Алар менен чогуу мөөр менен бекитилген КСДПнын офисине үчүнчү кабатка өтүшкөн.

 «Эшикти бузушпаптыр, бирок ачкыч менен ачканда ичинде баардыгы чачык экен. Компьютерлер жок экен. Аларды уурдап кетиштиби же жокбу, белгисиз. Мен мурун бул кабинетке кирген эмесмин. Андыктан так айта албайм», - дейт Кожомкулов.

Кожомкулов милиция кызматкерлери «Форум» имаратына бул ирет төртүнчү жолу келип жатышканын билдирди. Биринчисинде өрт чыкты деген маалымат келип түшкөн. Көрсө түтүн шаардык ЖЭБден чыгып жатыптыр.

Экинчи жолу имараттын жогорку кабаттарына эшиктерин сындырып киришкен.

 «Европа плюс» жана «Кыргызстан Обондору» радиосунун сегизинчи кабаттагы офисине киришкен. Бирөөлөр алардын антеннасын сыныдырып кетишкен. Анда дагы милицияга арыз жазганбыз. Биз кайтарып жатсак, кайра бизди күнөөлөшөт. Бир нерсе уурдагыдай биз өзүбүзгө душман эмеспиз», -дейт Кожомкулов.

Сынган антенналарды «Европа плюс» радиосунун жетекчилиги өзүнүн каражатаны менен калыбына келтирген. Андан сырткары эки лифттин бирөөсүн иштетпей салышкан. Анын ремонтуна имараттын администрациясы 6 миң сом төлөгөн.

Үчүнчү жана төртүнчү жолу – КСДПнын үчүнчү кабаттагы офисине киришкен.

Мөөр менен бекитилген имараттын бөлмөлөрүнө ким кирип жатат – азырынча белгисиз. «Медиафорум» ААКнун администрациясына эч кандай маалымат беришпей эле. Белгилей кетсек, имараттын негизги эшигинин оозунда көзөмөлдөөчү пункт жайгашкан. Ал жакты күнү-түнү формачандар кайтарышат.

КСДПнын офисин 2019-жылдын 9-августунда мөөр менен бекитишкен. 3-сентябрда КСДПнын мүчөлөрү Аскер прокурору Нуркамал Набиевге кайрылышып, «Медиафорум» ААКнун административдик имаратында ижарага алынган бөлмөлөргө КСДПнын кызматкерлерине кирүүгө уруксаат берүүнү өтүнүшкөн. Бирок оң жооп алышкан эмес.