11.03.2019 09:00

Нарын облусунда бир үйдөн жубайлардын сөөгү табылды

Нарын облусунда бир үйдөн жубайлардын сөөгү табылды

Нарын облусунун Жумгал районунда күйөөсү биринчи аялын, кийин өзүн өлтүрдү. Бул туурасында Нарын облусунун ИИБинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-мартта милицияга Чаек айылындагы үйлөрдүн биринен орто жаштагы аялдын жансыз денеси жана асылып турган эркек кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Жумгал РИИБинин кызматкерлери жөнөтүлгөн.

Өлгөн адамдардын өздүгү такталып, алар ошол үйдүн 51 жаштагы ээси Д.К. жана анын 48 жаштагы аялы А.Н. болуп чыккан. Аялдын денесинен киши колдуу болгонунун издери табылган, эркек кишинин денесинде эч кандай жаракаттар болгон эмес. Сөөктөр райондук оорукананын өлүкканасына жеткирилген. 

Кийинчерээк белгилүү болгондой,  жубайлар күйөөсүнүн 80 жаштагы апасы менен чогуу турушкан. Ал 4-март күнү уул-келини уруша кетип, уулу аялын сабап койгонун айткан.

Учурда териштирүү жүрүүдө.