04.09.2019 22:30
Нарын облусунун жетекчиси өз каалоосу менен кызматтан кетти
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул туурасында өкмөттөгү булактарына таянып, Kaktus.media жазып чыкты.
Агенттиктин маалыматына караганда, губернатордун кызматтан кетүүсүнө Солтон-Сары кен жайындагы абалды жайгара албай коюшу себеп болушу мүмкүн.
«Кайыповдун ордуна ыйгарым укуктуу өкүл кызматына Нарын шаарынын учурдагы мэри Эмилбек Алымкулов көрсөтүлөт», -деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, Аманбай Кайыпов бул кызматты 2013-жылдын декабрынан бери ээлеп келген.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: