14.04.2020 14:48

Нарын шаары менен Ат-Башы районунун аймагына да өзгөчө абал киргизилди

Нарын шаары менен Ат-Башы районунун аймагына да өзгөчө абал киргизилди

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө " Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта төмөндөгүлөр белгиленет:

«2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын (мындан ары — коронавирустук инфекция) жайылышын пандемия катары жарыялады.

2020-жылдын 18-мартынан 14-апрелине чейинки мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 430 фактысы, анын ичинде Нарын шаарында — 5, Нарын облусунун Ат-Башы районунда — 19 факт тастыкталды.

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилсин.

Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Аалиев Уланбек Карыбекович Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты болуп (мындан ары — Комендант) дайындалсын.

Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында комендатура түзүлсүн.

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасы жөнүндө жобо бекитилсин.

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында төмөнкүдөй өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөөлөр жана алардын кошумча милдеттери аныкталсын:

Бул Жарлык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет».

Аталган Жарлык менен толук КР президентинин сайтынан таанышууга болот.