Нарында көчмө лаборатория ишке берилди

Нарында көчмө лаборатория ишке берилди

Нарын облусунда коронавирус илдетин аныктай турчу көчмө лаборатория ишке берилди. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штаб маалымдады.

Белгилей кетсек, Нарында COVID-19 вирусун жуктургандар көбөйө баштаган. Бул себептүү көчмө лаборатория облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жайгаштырылган.

“Ушу тапта ал жерде төрт адис иштеп жатат. Анын үчөө Бишкек шаарынан барган. Бул көчмө лабораторияда күнүнө 100 ПЧР-анализ чыгарса болот”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 26-апрелге карата Нарын облусунда коронавирус 85 кишиден аныкталган. Алардын ичинен Нарын шаарында 8, Ат-Башы районунда 64, Кочкордо 3, Жумгал районунда вирус жугузган 10 киши бар.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Ага ылайык, саат 21.00 – 06.00гө чейин коменданттык саат жарыяланган.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.