Нарында жаңы төрөгөн 8 келин коронавирус илдетин жуктуруп алышкан

Нарында жаңы төрөгөн 8 келин коронавирус илдетин жуктуруп алышкан

Нарын шаарында COVID-19 илдетинин бүгүн, 14-майда 15 адам жуктурган. Ичинен 8 бейтап жаңы төрөгөн келиндер. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

“Бардык бейтаптар Нарын облустук бириккен ооруканасына жаткырылды, алардын ичинен, медицина кызматкери -1, жаңы төрөгөн аялдар - 8, туугандары менен байланышта болгондор - 6. Бардыгынын абалы канааттандыраарлык”, - деп айтылат маалыматта.

Оорукана толук дезинфекцияланып, персоналдар алмаштырылды жана Бишкектен 2 акушер-гинеколог жардамга жөнөтүлдү.

“НОБО төрөт бөлүмүндө жаңы төрөгөн 8 аял ымыркайлары менен, 7 кош бойлуу аял көзөмөлдө”, - деп билдирет республикалык штаб.

Белгилей кетсек, НОБО төрөт бөлүмүндө бардыгы болуп 11 медициналык кызматкер (акушерлер, медайымдар, санитардык кызматкерлер) коронавирус илдети менен ооруган.