Нарындагы төрөт үйүндө катталган коронавирус учурларын атайын комиссия иликтейт

Нарындагы төрөт үйүндө катталган коронавирус учурларын атайын комиссия иликтейт

Коронавирус күч алган Нарындагы төрөт үйүндөгү кырдаалды атайын комиссия иликтейт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалыматка караганда, саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жана Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова башында турган комиссия Нарындагы төрөт үйүнө COVID-19 инфекциясынын келүү себептерин аныктап жатат.

“Андыктан төрөт бөлүмүндө инфекцияга каршы күрөшүү боюнча эпидемиологиялык чараларды күчөтүү чечими кабыл алынды”, - деп билдирет саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.

Күн мурун, 14-майда саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги төрөт бөлүмүндө аялдар арасында коронавирус катталгандыктан 14-майда Нарын облусуна жөнөт кеткен.

Эске салсак, Нарын шаарында жаңы төрөгөн 8 келин COVID-19 илдетин жуктуруп алышкан.

Нарын облусунда НОБО төрөт бөлүмүндө бардыгы болуп 11 медициналык кызматкер (акушерлер, медайымдар, санитардык кызматкерлер) коронавирус илдетине чалдыгышкан.