Нарындык дааватчы коронавирусту бир күндө төрт кишиге жугузган

Нарындык дааватчы коронавирусту бир күндө төрт кишиге жугузган

Нарындын Пакистанга дааватка барып келген тургуну бир күндө төрт адамга коронавирус жуктурган. Бул тууралуу 16-апрелде брифингде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.

Аалиевдин айтымында, ал адам Пакистанга барып келгени аныкталды. Иш козголуп, учурда ага карата кылмышка шектүү катары тергөө жүрүп жатат.

"Пакистандан Өзбекстанга учуп келип, ал жактан Бишкекке 15-мартта келген. Бишкекте 19-мартка чейин болгон. 19-мартта такси менен Нарын шаарына келген. Таксинин ичинде чогуу келген төрт адам тең бул ооруну жугузуп алышкан".

Бүгүн, 16-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталды. Алардын 11и Нарын облусунда.

Жалпысынан СOVID-19 инфекциясына чалдыккандардын саны 466 кишиге жетти. Ичинен – 251 аял, 215 эркек.

Республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 104 учур катталды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө 91 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.