Нарындын эки айылында ФАП ачылды

Нарындын эки айылында ФАП ачылды

Ак-Талаа районунун Эмгек айылында жана Ат-Башы районунун Бирлик айылында Фельдшердик-акушердик пункт ачылды.

Ачылыш аземге Түркиянын Премьер- министринин Аппаратына караштуу Эл аралык кызматташтык түрк агенттигинин директорунун орун басары (ТИКА) Мехмет Сюррея Эр жана аталган агенттиктин Бишкектеги кеңсесинин координатору Али Муслу катышты.

Ошондой эле, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, эки райондун акимдери, вице-мэрлери болду.

Эл аралык кызматташтык түрк агенттиги ар бир фельдшердик жана акушердик пункт үчүн 2 млн 228 миң сом  бөлгөн.