Нарынга кирип-чыккан элдин жана транспорттун каттоосуна чектөө коюлду

Нарынга кирип-чыккан элдин жана транспорттун каттоосуна чектөө коюлду

Нарынга кирип-чыккан транспорт кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу коронавируска каршы түзүлгөн республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, тиешелүү чаралар коронавирус илдетин алдын алуу максатында кабалданды. Бул себептүү элдин социалдык байланышына убактылуу чектөө киргизилет.

Ага ылайык, бүгүн, 31-марттан баштап Нарынга кирип-чыккан автоунаалардын каттамына бөгөт коюлуп, постторго көзөмөл күчөтүлдү.

"Ушул жагдайды эске алып, убактылуу сапарга чыкпай турууңуздарды эскертебиз. Облус жетекчилиги тарабынан облустун аймагындагы эл каттамын, транспорт кыймылын көзөмөлгө алуу, тартипти катуу сактоо боюнча Нарын облустук ички иштер башкармалыгына тапшырма берилген”, - деп билдирди КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Эске салсак, бүгүн, 31-мартта жаңы учурлар Ысык-Көл облусунда дагы катталган. Бардыгы болуп илдетти жуктургандардын саны 107 кишиге жетти.

Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды.