10.04.2020 14:45

Насыяны өз убагында төлөй албаган жарандардын кредиттик тарыхын бузбоо сунушу берилди

Насыяны өз убагында төлөй албаган жарандардын кредиттик тарыхын бузбоо сунушу берилди

Насыяны өз убагында төлөй албаган жарандардын кредиттик тарыхын бузбоо сунушу берилди. Тиешелүү билдирүүнү КР Улуттук Банкынын расмий өкүлү Аида Карабаева таратты.

“Насыялык төлөмдөрдү убагында төлөбөгөндөр үчүн, учурдагы кырдаалды эске алып, бардык банктарга бул мөөнөттү кредиттик тарыхка кошпоо сунушталды”, - деп билдирди КР Улуттук Банкынын расмий өкүлү Аида Карабаева.

Белгилей кетсек, Өзгөчө абал режими күчүндө болгон мезгилинде насыяларды төлөө айыптарды жана пеняларды кошпостон үч айга жылдырылган.

“Насыяларды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча, коммерциялык банктар карыз алуучулардын ар бир кайрылуусун индивидуалдык тартипте карайт жана төлөмдөрдү жылдыруу мүмкүнчүлүгүн берет”, - деп билдирди КР Улуттук Банкынын расмий өкүлү Аида Карабаева.

КР Улуттук Банкында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү иштейт, мында банк кызматтары, анын ичинде насыялар боюнча жылдыруулар жөнүндө жарандардын кайрылуулары каралат. Бардык байланыштарды мекеменин расмий сайтынан жана соцтармактагы баракчаларынан көрсө болот.

  • Коомдук кабылдаманын телефону: 0(312)-610486,
  • сайты: https://www.nbkr.kg/.

Бүгүн, 10-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 298 кишиге жетти.  Ичинен 39у дарыгерлер.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.