06.07.2018 15:36

Назбийке жардамыңыздарга муктаж: тез арада боорун алмаштырыш керек

Эки баласын жерге берип, кенжетайынын өмүрү үчүн алпурушуп жаткан эненин көз жашы. Биздин чыгармачылык топ мекендешибиз Гүлжамал Керимбаеванын көйгөйүн угуп келди. Айымдын 16 жаштагы кызы Назбийкенин боорун тез аранын ичинде алмаштыруу зарыл. Болбосо, жаш кыз эки бөйрөгүнөн тең ажырап калышы мүмкүн. Операция чет мамлекетте жасалгандыктан, анын чыгымын үй-бүлө көтөрө албайт. Мындан улам Назбийкенин ата-энеси колу ачык жарандардын колдоосуна муктаж.