07.05.2020 14:09

Алмазбек Атамбаевдин уулдары блокпосттордо турган милиция кызматкерлерине ысык тамак жеткиришти

Алмазбек Атамбаевдин уулдары блокпосттордо турган милиция кызматкерлерине ысык тамак жеткиришти

КСДП партиясынын мүчөлөрү Бишкектин чет жакаларында орнотулган блокпосттордогу 200дөн ашык милиция кызматкерине, ошондой эле Кой-Таш, Арашан, Чоң-Таш, Воронцовка, Үч Эмчек, Тоолуу Маевка, Алмалуу, Норус, Тогуз-Булак, Беш-Күңгөй, Көк-Жар, Байтик жана башка айылдарынын тургундарынын саламаттыгын сактап жаткан ыктыярчыларга ысык тамак жана суусундуктарды жеткиришти.

Мындан сырткары блокпосттордогу тартип коргоочуларына 1500 даана жеке коргонуу каражаттары тапшырылды.

Акцияга КСДП партиясынын мүчөлөрү Сеид жана Кадыр Атамбаевдер, Темирлан Султанбеков жана башкалар катышты.

“Учурдагы оор абалда саясатчылар талаш-тартышты токтотуп, элге жардам берүүгө тийиш”, - деп билдирет Сеид Атамбаев.

Саясатчынын пикиринде бийлик тартип коргоо органдарынын жана саламаттыкты сактоонун жөнөкөй кызматкерлерине да жарам берип, камкордук кылуу керектигин унутуп коюшканы өкүндүрбөй койбойт.

Белгилей кетсек, жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 вирусун 895 киши жуктуруп алган. Ичинен 637 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылса, 12 жаран илдеттен көз жумду.

Учурда бейтапканада 246 адам даарыланып жатат. Ичинен 4 киши кайра жандандыруу бөлүмүндө.

COVID-19 диагнозуна чалдыккан медицина кызматкерлеринин саны 224 кишиге жетти.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Апрель айынын соңунда өзгөчө абал режими май айынын 10на чейин узартылган.