11.04.2020 18:00

Ноокатта телефонго бирдик жүктөө кызматы 6 эсеге кымбаттап, 30 сомго чейин чыккан

Ноокатта телефонго бирдик жүктөө кызматы 6 эсеге кымбаттап, 30 сомго чейин чыккан

Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнүн Жайрылма айылында бирдиктин (уюлдук телефонго жүктөлчү бирдик) кызмат акысы 30 сом болуп, 6 эсе кымбаттаган. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазып чыкты.

Ал эми Ош шаары, Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов онлайн брифинг учурунда бул маселени жеке көзөмөлгө аларын билдирген.

«Бул аша чапкандык деп эсептейм. Эл оор кырдаалда турганда тескерисинче жардам беришибиз керек. Түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз деп «Манас» эпосунда айтылгандай, азыр бир айылдан экинчи айылга кол суна турган күн болуп жатат. Ошол жерде жеке кызыкчылыкты, коммерциялык багытты токтото турсак. 5 сомдон 30 сомго көтөрүп алган фактыга көңүл бурабыз. Бул боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлерин көзөмөлгө алдыртам», — деди комендант.

Бүгүн, 11-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 339 кишиге жетти.  Ичинен 51и дарыгерлер.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.