29.01.2019 11:13

Новопавловкада милиция кызматкери мектеп окуучусун сүзүп кетти. Бала жеринде каза тапты

Новопавловкада милиция кызматкери мектеп окуучусун сүзүп кетти. Бала жеринде каза тапты

Новопавловка айылында милиция кызматкери жөө адамдар үчүн өтмөктөн 11 жаштагы баланы коюп кетти. Бул туурасында  April.kg  порталына Чүй облусунун ЖКККБ билдиришти. 

Мекеменин маалыматына  караганда, жол кырсыгы бүгүн саат 7:20 чамасында айылдагы Ч.Айтматов атындагы мектептин жанында болгон.

«Ауди-А6» унаасынын 24 жаштагы айдоочусу  Фрунзе көчөсү менен батыштан чыгышка карай кетип бараткан. Алган жаратынан бала ошол жерде каза тапты.  

Унаа башкарган адам Чүй облустук ИИББинин кызматкери болуп чыкты. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан аталган жерде жер алдынан өткөн өтмөк да болгонун белгилешти. 

Сокулук райондук Ички иштер органынын тергөө бөлүмү териштирүү иштерин баштады.