16.04.2020 15:39

Новосибирск администрациясы: Кыргыз жарандарынын учуп кетүүсүнө кыргыз тарап уруксаат берген жок

Новосибирск администрациясы: Кыргыз жарандарынын учуп кетүүсүнө кыргыз тарап уруксаат берген жок

Бүгүн, 16-апрелде Новосибирск облусунун бийлик өкүлдөрү кыргызстандыктар менен жолугушуп, Россия тараптын демилгеси менен кыргыз жарандары мекенине уча албай калды деген КР өкмөтүнүн маалыматын четке кагышты.

«Авиакомпания КР жарандарын мекенине жеткирип, кайра өзүбүздүн мекендештерди алып кетүүгө даяр болчу. Бишкекте Новосибирстин жашоочулары дагы бар. Алар рейс күтүп жатышат. Бирок кыргыз тарап учууга уруксаат берген жок. Бардыгы сиздин мамлекеттин бийлигинен көз каранды», - деп билдиришет Новосибирск администрациясынын өкүлдөрү.

Кыргызстандыктар буга чейин дагы Кыргызстандын өкмөтүнө Новосибирсктеги мекендештерди алып келүү боюнча негиздүү талаптарын айтышкан.

«Анда көптөрү биздин билдирүүлөргө көңүл кош карашкан. Биздин өкмөттүн айынан  11-апрелде уча турчу Новосибирск-Бишкек рейсини токтоп калганын айтып чыкканбыз. Бирок айрым депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү бизди пиар кылып, элди дүрбөлөңгө салып жатасыңар деп айыпташкан.

 Мына далилдер! Актана албайсыңар, РФ биздин жарандарды Кыргызстанга жөнөтүүгө кол кабыш кылганга даяр,      эми аларды тосуп алгыла!

Силер керек болсо сыртта жүргөн биздин жарандар менен байланышып, алардын акыбалын      сурап билгенге аракет кылган жоксуңар! Уят деген болуш керек да!»

Эске салсак, бир нече аптадан бери Новосибирскте ара жолдо калган кыргызстандыктар мекенине кайта албай кыйналышууда. Алар кыргыз өкмөтүнүн көңүлүн буруу үчүн президентке ачык кайрывлуу жасашкан. Акыры ачкачылык жарыялоого аргасыз болушкан.

Ал эми 2-апрелде Кыргызстандын чыга албай калган жарандарын жакынкы чартердик каттамга чейин Новосибирсктин мейманканаларына жайгаштырышкан. Хостел болсо 20-апрелге чейин гана төлөнгөн. Андан ары мекендештер кантип күн кечиришет – белгисиз.

Күн мурун, 15-апрелде мейманканадагы айымдардын бири өзүн жаман сезип, тез жардам кызматы аны ооруканага алып кетишкен.