03.04.2020 16:28

Новосибирскте ара жолдо калган кыргыз жарандары мейманканага жайгаштырылды

Новосибирскте ара жолдо калган кыргыз жарандары мейманканага жайгаштырылды

Кыргызстандын 132 жараны жакынкы чартердик каттамга чейин Новосибирсктин мейманканаларына жайгаштырылды.

Алар жакынкы убакытта чартердик каттамды уюштурганга чейин Новосибирск шаарынын мейманканаларында жайгаштырылган.

Новосибирсктин “Толмачево” эл аралык аэропортунда учуп кетүүнү күтүп жаткан 132 кыргызстандыктын көйгөйүн чечүүгө Башкы консулдук КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Сибирь федералдык округундагы өкүлчүлүгү менен биргеликте киришкен.

Ага ылайык, Жашагандыгы жана азык-түлүктөр катары тамактанууну төлөө Кыргызстандагы Миграция боюнча Эл аралык Уюмдун Миссиясы тарабынан ишке ашырылды.

Өз кезегинде, Новосибирск облусундагы кыргыз диаспорасы транспорт жана ысык тамак менен камсыз кылууга көмөк көрсөттү.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 31-мартынан саат 20.00дөн тартып Новосибирск облусунун аймагында өзүн-өзү изоляцияга алуу тартиби киргизилип, белгилүү категориядан башкасын кошпогондо, жарандардын жүрүшүнө жана уюмдардын ишине тыюу салынган.

Эске салсак, эки аптадан бери Новосибирскте ара жолдо калган кыргызстандыктар мекенине кайта албай кыйналышууда. Алар кыргыз өкмөтүнүн көңүлүн буруу үчүн президентке ачык кайрывлуу жасашкан. Акыры ачкачылык жарыялоого аргасыз болушкан.