15.04.2020 14:57

Новосибирскте ара жолдо калгандар: Биз үйгө жетиш үчүн дагы канча киши өлүш керек?

Новосибирскте ара жолдо калгандар: Биз үйгө жетиш үчүн дагы канча киши өлүш керек?

Россиянын Новосибирск шаарында 200дөй кыргыз жараны мекенине кайта албай, ара жолдо калышты. Акыркы үч аптадан бери алар өкмөткө жардам сурап кайрылып, бирок майнап чыга элек.

2-апрелде КР миграция мамлекеттик кызматынын өкүлчүлүгү жана Новосибирск облусундагы кыргыз диаспорасы кыргызстандыктарды хостелге жайгаштырышкан. Бирок мейманкананын акчасы 20-апрелге чейин гана төлөнгөн. Ал эми ара жолдо калгандар андан ары кантип күн кечиришет, эч ким тактап айткан эмес.

Кыргызстандыктар “Апрель” редакциясына кабарлашкандай, бүгүн хостелдеги айымдардын бири өзүн жаман сезип, тез жардам кызматын чакырышып, дарыгерлер ал аялды ооруканага алып кетишкенин билдиришти. Мекендештердин маалыматына караганда, анын күйөөсү Бишкекте кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Эми ал аял күйөөсүн эч качан көрбөй калам деп кабатырланып жатканы айтылат.

Мындан сырткары бир нече күн мурун бир кыздын боюнан түшүп калган. Азыр аны менен психологдор иштеп жатканы айтылат.

«Арабызда ай-күнү жетип калган боюнда бар айымдар бар. Бир кыз бүгүн-эртең төрөйм деп турат. Ал төрөтканага барышы керек. Бирок ал кыргыз жарандарын мекенине кетире башташса, Россияда калып калгысы келбей жатат», - деп билдиришет кыргызстандыктар.

Мекендештер Кыргызстандын өкмөтүнөн үмүттөрү үзүлгөнүн белгилешти.

«11-апрелде Бишкекке бир рейс аттанмак. Бирок ал учак учаардын алдында Россиянын эмес Кыргызстандын өкмөтү аны артка жылдырып коюшкан. 27де дагы так эле ушундай болду. 26-мартта бизге КР өкмөтү рейсти токтотуп койду деп билдиришти. Бизге Бишкек уруксаат бербей жатат! Ал эми Кыргызстандын транспорт министрлиги Росавиацияга шылтап жатат, ал калп» - деп билдиришет мекендештер.