28.03.2020 13:03

Новосибирсктен чыга албай турган кыргызстандыктар Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашты

Новосибирсктен чыга албай турган кыргызстандыктар Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашты

Новосибирск шаарындагы "Толмачево" аэропортунан 200дөн ашуун кыргызстандык мекенине кайта албай жатат. Бул тууралуу алар “Апрель” редакциясына өзүлөрү кабарлашты.

Алардын айтканына караганда, “Манас” аэропорту Россиядан учактарды кабыл албай жатат. Ошол эле маалда авиакомпания кыргызстандыктарды өлкөсүнө жеткерүүгө даяр. Учурда алар аталган аэропортто күн кечиришүүдө.

Өткөн түнү Россиянын аймагында кептелип калган кыргызстандыктар президент Сооронбай Жээнбеков видео кайрылуу жасашып, биздин редакцияга тапшырышкан.

Белгилей кетсек, ушундай эле кырдаалга Москванын аэропортунда жүздөгөн кыргызстандыктар кептелишкен. Алардын айтканына караганда, болгону ыктыярчылар – Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жардам көрсөтүшүүдө. Москванын аэропортундагы мекендештерибиз дагы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашкан.

Ал эми Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бул көйгөйдү акыркы видеокайрылуу чыкканда гана мойнуна алышкан. Дипломатиялык кызматтын маалыматына караганда, жалпысынан 350 кыргызстандык чек араларда кептелип калышкан: Москванын, Новосибирсктин жана Казакстандын аймактарында.

Элчилик Россия тарап менен биргеликте жана авиакомпаниялар менен чогуу бардык тиешелүү чараларды көрүп жатканын билдирди. Жана суроолор болсо, төмөндө көрсөтүлгөн номурлар аркылуу байланышууга чакырышты: +7 499 238 50 69, +7 499 237 33 04, +7 925 103 29 11 (вотсап) жана электрондук почта аркылуу: 4992385069@mail.ru. 

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны – 58ге жетти. Ичинен Жала-Абадда – 27 учур. Ошто – 26. Бишкекте 4 киши жана Баткенде бир учур катталган.

Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.