Новосибирсктен учуп келген кыргыз жарандарынын биринен коронавирус табылды
Новосибирскте ара жолдо калып, жакында эле мекенине кайткан кыргызстандыктан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
"22-апрель күнү Новосибирсктен учуп келген 177 жарандын, бирөөсүндө коронавирус инфекциясы тастыкталды. Ал эми, 24-апрель күнү Стамбулдан келген 351 жарандан анализдер алынды. Анализдердин жыйынтыгына жараша тийиштүү чаралар көрүлөт", - дейт Саламаттык сактоо министри С.Абдикаримов.
Белгилей кетсек бүгүн, 25-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясына 9 киши чалдыккан.
COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 2 463. Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 1354 адам жатат.
COVID-19 вирусун жуктуруунун жалпы саны 665 кишиге жетти. Ичинен 174 киши медицина кызматкерлери.
Учурда 312 киши бейтапканада, 6 жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө.
Коронавирустан бүгүнкү күнгө карата 345 жаран айыгып чыкса, 8 киши илдеттен көз жумган.
Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 21:00 – 06:00 аралыгы коменданттык саат.
14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: