Нурлан Дарданов башпрокурордун биринчи орун басары кызматына келди

Нурлан Дарданов башпрокурордун биринчи орун басары кызматына келди

Нурлан Дарданов Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Дарданов Нурлан Камалбекович Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп дайындалды.

Нурлан Дарданов 1975-жылы туулган. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган. Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси.

Эмгек жолун 1993-жылы Талас районунун прокуратурасында стажер-тергөөчү кызматынан баштаган. 1997-жылдан 2005-жылга чейин Талас облусунун прокуратурасында ар кандай кызматтарда иштеген.

2005-жылдан 2006-жылга чейин Талас районунун прокуратурасында прокурордун орун басары болуп иштеген. 2006-жылдан 2010-жылга чейин Талас облусунун прокуратурасында кылмыш иштерин иликтөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы.

2010-жылдан 2013-жылга чейин Ысык-Көл облусунун Тоң районунун прокурору. 2013-2016 жылдары – Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары. 2016-жылдан 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын укуктук статистика жана каттоо Башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

2017-жылдын июль айынан баштап 2018-жылдын май айына чейин Нарын облусунун прокурору болуп эмгектенген.

2018-жылдын 30-майында  Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп дайындалды.