Окуучулар жана студенттер үчүн «Интеллектуалдык менчик боюнча республикалык олимпиада» өтөт

Окуучулар жана студенттер үчүн «Интеллектуалдык менчик боюнча республикалык олимпиада» өтөт

Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу жогорку класстын окуучулары үчүн «Интеллектуалдык менчик боюнча республикалык олимпиада» уюштурууда. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, олимпиада 2 баскыч менен өткөрүлүп (регионалдык жана республикалык), ага 15-17 жаштагы жалпы орто мектептин окуучулары жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин студенттери катыша алышат.

1-тур республиканын облустарында, шаарларында жана райондорунда 2019-жылдын 20-мартынан 20-майына чейин өткөрүлүп, анын жыйынтыгы менен «Мыкты эссе» жана «Ойлоп табуу»  номинациялары боюнча жеңүүчү деп табылган окуучулар, студенттер өз иштерин 20-майга чейин fund@patent.kg электрондук дарегине же Бишкек шаары, 720020, Москва көчөсү 62 дарегине жөнөтүү керек.

Жеңүүчүлөргө Кыргызпатенттин грамотасы жана баалуу белектер тапшырылат.

Толук маалыматты, олимпиаданын Жобосун patent.kg жана fund.patent.kg сайтарынан, же (0312) 68 04 71, (0770) 98-98-08, (0700) 84-83- 29 телефондору аркылуу байланышып билүүгө болот.