Онкология борборуна нур менен дарылоо жабдыгы качан алынат?

Онкология борборуна нур менен дарылоо жабдыгы качан алынат?

Өлкөдөгү рак илдети менен алышып жаткан бейтаптар дагы бир аз күтүшү керек болот. Бейтаптарга эң зарыл болгон нур терапиясы менен дарылай турган жабдыкты сатып алууга жакында тендер жарыяланат. Бул туурасында линийлик тездеткич аппаратын сатып алуу үчүн түзүлгөн "Онкологиялык кызматты колдоо" фондунун коомдук байкоо кеңешинин өкүлдөрү April.kg сайтына билдиришти. Кумтөр ишканасы фондко 10 миллион доллардын 7 миллионун бөлүп берген.

Линиялык тездеткичти алууга биринчи тендер январда эле жарыяланып, кайра жокко чыгарылган. Буга парламент депутттары Айсулуу Мамашова менен Акылбек Жапаровдун билдирүүсү себеп болгон. Эл өкүлдөрү Кумтөр бере турган акча түз эле фонддун эсебине эмес, өлкөнүн казынасы аркылуу өтсүн деген каршылыгынан кийин жабдыкты алуу кечеңдеген. Учурда онкологиялык борбордун нур терапиясы бөлүмүндө совет доорундагы эски жабдык иштейт. Ал болгону тери рагын дарылоого күчү калган. Бейтаптардын 80% муктаж болгон линиялык тездеткичтен экини алуу мерчемделди. Анын ар биринин наркы 2 миллион доллардан ашык турат.