06.05.2019 12:46

Азиз Батукаевдин иши: кримтөбөлдүн абактан чыгуусуна кимдер жардам беришкен?

Азиз Батукаевдин иши: кримтөбөлдүн абактан чыгуусуна кимдер жардам беришкен?

2013-жылы "ак кан" илдети илээшти деген жүйөө менен Кыргызстандан чыгып кеткен Азиз Батукаев иши жанданды. Күч органдары сунган тузакка биринчилерден болуп, крим төбөлдүн колуна ырастама карматкан онколог илинди.

Эсиңизде болсо башында Батукаевдин качышына тиешеси бар делгендердин тизмеси узун болчу. Иш жүзүндө, ошол учурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун гана запкы тарткан. Эми тиешелүү органдар унутулган иштин чаңын сүртүп, кайра барактай баштады. Түбү кайда барып такалат, азырынча белгисиз. Адаттагыдай үлкөндөр үйүндө калып, аткаруучулар гана айыпка жыгылышы толук мүмкүн.