19.02.2020 13:16

Жактоочу: Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча материалдар аны Жаныш Бакиевге алмашуу аракети болгонун көрсөтүп турат

Жактоочу: Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча материалдар аны Жаныш Бакиевге алмашуу аракети болгонун көрсөтүп турат

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча бир дагы күбө коррупциялык иштин мүчөсү болгондугун айткан жок. Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев өзүнүн Facebook-баракчасына жазып чыкты.

Жактоочунун маалыматына караганда, учурда окуяга күбө болгон адам жок. Тагыраагы, акча каражатын же болбосо башка материалдык баалуулуктарды берип же алып жаткан учурду эч ким өз көзү менен көргөн эмес.

 «Иштин материалдарына ылайык, УКМК Азиз Батукаевди Жаныш Бакиевге алмаштыргысы келген деген версия аныкталып жатат», - деп билдирет адвокат.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «лейкоз» диагнозу менен абактан бошотулган. Ал абактан чыккандан кийин дароо Орусияга учуп кеткен, ал эми анын медициналык маалым каттары жасалма экени белгилүү болгон. Кыргыз тарап Батукаевди экстрадициялоо тууралуу орусиялык кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү менен мындай майнап чыккан эмес.

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылы январь айында жанданган. Анын алкагында, мыйзамдагы ууру рак илдетине чалдыккан деген тыянак чыгарган дарыгерлер жана бир катар мурунку аткаминер, депутаттар суралууда.

Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаев тергөө менен кызматташмай болду деген жүйө менен үй камагына чыгарылган.