Онкологиялык оорулуулар морфинге жетпей көз жумууда

Онкологиялык оорулуулар морфинге жетпей көз жумууда

Акыркы убакта онкологиялык бейтаптар чыдагыс оорулардын коштоосунда ичээр суусу түгөнүүдө. Алардын дартын басаңдатчу күчтүү дары-дармектер бюрократиялык башаламандыктын айынан кеч берилип жатат дешет бейтаптардын туугандары. Ак халатчандар да рецепт жазуудан баш тартышат экен. Алар жоопкерчилигин бейтаптын чыдагыс оорусунан бийик койгон учурлар өлкөбүздө аз эмес. 

Биздин чыгармачыл топ Онко-борбордо жөнөкөй морфин тартыш экенин өз көздөрү менен көрүп келишти. Эмнеге бул дарыга жетүү тозокко түшкөнгө барабар? Ага жетпей көз жумгандардын туугандары менен кабарчыбыз Аман Бакиров баарлашып келди.