18.06.2018 08:30

Оор кылмышка шектүүнү качырып жибергендер жазаланды

Оор кылмышка шектүүнү качырып жибергендер жазаланды

ИИМдин жана Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн айрым кызматкерлери бангизат менен кармалган оор кылмышка шектүү жаранды качырып жиберишип, бул фактыны жашырып койгону аныкталды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, ИИМдин бангизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Сокулук районундагы РЭСтин жанынан Ш.Ш. аттуу жаранды 404 грамм баңгизат менен кармашкан.

Бул  факт боюнча 247 -берене (Баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү) менен иш козголуп, тиешелүү иликтөө, издөө иштери улантылган.

Панфилов районунда катылган баңгизаттарды түн ичинде издөө учурунда Ш.Ш. аттуу оор кылмышка шектелген жаран кайтаруу чараларынын жакшы көзөмөлгө алынбагандыгын байкап, качып кеткен.

Мындан улам, «Сокулук РИИБнын коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөт тескөөчүсү Т. Абыковго, ИИМдин бангизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы И.Бакировго “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү” тартиптик жазасы, Сокулук РИИБнын коомдук коопсуздук кызматынын башчысы М. Иманалиевге, Сокулук  РИИБнын коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөтүү тобунун милиционери А.Масырбековго “катуу сөгүш” тартиптик жазалары берилди. Ошондой эле ИИМдин бангизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам издөө башкармалыгынын башчысы Р.Ушамиевге жана Сокулук РИИБнын башчысынын орун басары Кенешбек уулу Олжобекке “сөгүш” тартиптик жазасы берилди», -деп жазылат маалыматта. 

Иш Сокулук райондук прокуратурасына жөнөтүлдү.