09.12.2019 16:06

Оренбургда жол кырсыгынан жабыр тарткан кыргызстандыктардын абалы туруктуу

Оренбургда жол кырсыгынан жабыр тарткан кыргызстандыктардын абалы туруктуу

Оренбургда жол кырсыгына кабылган кыргызстандыктардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Оренбург облусунун саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

“Азыр баардык бейтаптардын абалы канааттандыраарлык. Аларды Оренбургка таашып баруунун кажети жок болду. Азыр алардын абалын туруктуу деп бааласак болот”. – дейт ведомствонун өкүлдөрү.

Эске салсак, кырсык 8-декабрда Оренбург облусунун Казан-Оренбург-Акбулак автожолунун 76-чакырымында болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда кыргызстандыктар бараткан «Тойота Превна» каршылаш тилкеде келе жаткан «Мерседес Спринтер» кичи автобусу менен кагылышкан.

Ал эми «Мерседес Спринтерде» Өзбекстандын жараны болгон. Ал дагы ооруканага түшкөн.