Орозбек Опумбаев УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Орозбек Опумбаев УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Орозбек Опумбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Опумбаев Орозбек Найманович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

Орозбек Опумбаев 2011-жылы Өкмөт аппаратындагы Коргонуу, тартип сактоо жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн орун басары,  2013-2015-жылдары УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси кызматын ээлеп келгени белгилүү.