11.06.2018 08:30

Орозо айт качан болоору такталды

Орозо айт качан болоору такталды

Бул жылы Орозо айт 15-июнда белгиленмей болду. Мындай чечим Ташкентте  Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын дин аалымдарынын катышуусунда өткөн жыйында кабыл алынганын муфтияттан билдиришти.  

Үч өлкөнүн дин өкүлдөрү орозо айынын башталышы, айт күндөрүн бирдиктүү белгилөөдө астрономиялык илимдин далилдери менен шарият илиминин чегинде талкуу жүргүзүшүп, бирдиктүү чечимдерди кабыл алууну макулдашты.

Айта кетсек, «Рамазан айынын башталышын жана Орозо, Курман айт күндөрүн тактоо»  темасынын алкагындагы тегерек стол Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан демилгеленип,  Өзбекстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан өткөрүлдү.

Ага ылайык, Орозо айт 15-июнда белгиленип, 11-июндан 12-июнга караган түнү Кадыр түн тосулат.