04.06.2019 15:02

Орозо айт күнүн аныктоо элде талаш жаратты

Орозо айт күнүн аныктоо элде талаш жаратты

Кыргызстан мусулмандары арасында Рамазан айынын акыркы күнү тууралуу ача пикир жаралды. Кечээ күнү, 3-июнда, мекендештерибиздин соцтармактарында Сауд Арабиясында ай көрүнүп, андыктан Орозо айт бүгүн, 4-июнда белгиленери тууралуу маалымат тараган.

Ага утуру эле, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Орозо айт 5-июнда окулат деп кесе айткан. Айта кетсек, бул көйгөй мурун да болуп келген.