18.04.2020 09:00

Орозо качан башталаары белгилүү болду

Орозо качан башталаары белгилүү болду

Кыргызстанда быйыл орозо 24-апрелден тартып кармала баштайт. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жарыялады.

Мекеме Орто Азия мусулмандары үчүн эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбаларына таянып, коңшу Өзбекстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн дин башкармалыктары менен кеңешип, орозонун биринчи күнүн 24-апрель деген чечим кабыл алды.  

Көрсөтүлгөн күн айдын чыгышына карап бир күнгө жылышы мүмкүн. Буга чейин Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 15-апрелдеги видеокайрылуусунда Рамазан айында таравих намазы үйдөн окулаарын айткан.  

Коронавирус коркунучунан улам 17-марттан тартып өлкөдө жума намазын мечиттерде жамаат менен окууга тыюу салынган.