16.05.2018 14:31

"Орто-Сай" базарында бомба коюлган деген маалыматты тараткан адам изделүүдө

"Орто-Сай" базарында бомба коюлган деген маалыматты тараткан адам изделүүдө

Бишкектеги "Орто-Сай" базарында бомба изделүүдө. Бүгүн, 16-майда саат 12:30 чамасында "102" нөөмөт бөлүмүнө базарда бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү, деп билдирет  Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка караганда, "Орто-Сай" базарындагы сатуучуларга белгисиз адам келип,  жарылуучу зат коюлганы тууралуу айтып, качып кеткен.  Учурда ИИМ  жана УКМК кызматкерлери базарды курчап, адамдарды чыгарып, ыкчам-иликтөө иш чараларын жүргүзүүдө. Ошондой эле жалган маалымат тараткан адамды издөө иштери жүрүп жатканы айтылат.