28.11.2019 13:41

Орусия Кыргызстанга эки тик учак белекке берди

Орусия Кыргызстанга эки тик учак белекке берди

МИ-8МТ жана П-18 тик учактары Кыргызстанга 27-ноябрда салтанаттуу турдө тапшырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирет.

Орусиянын Коргоо министрлиги менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы  2018-жылы бекиткен келишимине ылайык бул техникалар кайтарымсыз жардам катары берилди.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн №23565 аскер бөлүгүнүн Кант шаарындагы авиациялык-техникалык эксплуатациялык бөлүгүндө аскер техникаларын, МИ-8МТ жана П-18 тик учактарын тапшыруу аземи болду. Ага Башкы штабдын башчысынын орун басары Нурлан Чомоев жана Орусиянын Коргоо министринин орун басары Александр Фомин катышкан.