14.06.2018 13:48

Орусияда футбол боюнча дүйнө биринчилиги башталууда

Орусияда футбол боюнча дүйнө биринчилиги башталууда

Орусияда бүгүн футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Өлкө бул ири мелдешти өткөрүү укугуна алгачкы жолу ээ болуп отурат.

Расмий салтанаттуу ачылыш аземи Москва убактысы боюнча 16:00дө башталат. Мелдештин алгачкы оюну эсептелген Орусия жана Сауд Арабия курмаларынын ортосундагы беттеш 18:00дө борбор шаардагы «Лужники» стадионунда өтөт.

Чемпионаттын ачылышына 10дон ашык мамлекеттин, көбүнчө Латын Америкасы менен КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилери келишти. Сауд Арабиясынан тактынын мураскери, ханзада Салман Ал Сауд келсе, Түндүк Кореянын делегациясын парламент төрагасы Ким Ён Нам жетектейт.

Орусияда мелдештер 14-июндан 15-июлга чейин 11 шаарда өтөт. Москва, Санкт-Петербург, Самара, Саранск, Ростов-на-Дону, Сочи, Казан, Калининград, Волгоград, Нижний Новгород жана Екатеринбургда беттеш уюштурулат.