09.12.2019 11:13

Орусияда жол кырсыгынан каза тапкандардын өздүктөрү аныкталды

Орусияда жол кырсыгынан каза тапкандардын өздүктөрү аныкталды

Орусияда жол кырсыгынан каза тапкан төрт кыргызстандыктын тек-жайы аныкталды. Алар 29, 34, 35 жана 38 жаштагы жарандар экенин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирет.

Мындан тышкары, дагы үч кыргыз жараны жабыркады. Алардын абалын дарыгерлер орточо оор деп мүнөздөп жатышат, бүгүн алар реанимациядан стационарга которулат.

Окуя 8-декабрда Оренбург облусунун Казан-Оренбург-Акбулак автожолунун 76-чакырымында болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда кыргызстандыктар бараткан «Тойота Превна» каршылаш тилкеде келе жаткан «Мерседес Спринтер» кичи автобусу менен кагылышкан.

Ал эми «Мерседес Спринтерде» Өзбекстандын жараны болгон. Ал дагы ооруканага түшкөн.