05.12.2018 15:21

Ош базарындагы кезектеги өрттөн кийинки көрүнүш

Ош базарындагы кезектеги өрттөн кийинки көрүнүш

Дүйшөмбүдөн шейшембиге ооп бараткан түнү Ош базарында, тагыраагы Бейшеналиев - Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишиндеги контейнерлер өрттөнүп, эч нерсе калбай, күлгө айланды.

Тилсиз жоо дээрлик 500 чарчы метр тилкени аймап кетти. Келтирилген чыгымдын өлчөмү бери дегенде эле миллиондогон сомдорду түзөт. Өрттүн себептерин ӨКМ 10 күндүн ичинде аныктамакчы.