16.04.2018 14:08

Ош базарындагы өрт

Ош базарындагы өрт

Ош базары бул жолкусунда дагы атайылап өрттөлүшү мүмкүн. Мындай божомолун Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов билдирди. Анын айтымында бул ирээт тилсиз жоо "Берекет" базарынын үч жеринен бир убакта чыккан. Ага каршы күрөшүү үчүн Бишкек шаардык гарнизону дээрлик толугу менен иштеди дешет адистер. Кырсык болгон жерге алгачкылардан болуп барган April.kg кабарчыcы Аман Бакировдун репортажын сунуштайбыз.