06.05.2020 09:00

Ош мэриясы: апрель айында казынага 64 миллион сомдон ашык каражат түшпөй калды

Ош мэриясы: апрель айында казынага 64 миллион сомдон ашык каражат түшпөй калды

Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынын маалыматына караганда өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам шаардык бюджетке апрель айында 64,5 миллион сом түшпөй калган.

Апрель айында жергиликтүү бюджетке пландалган 102 миллион сомдон 37,7 миллион сому гана чогулган. Калган каражат казынага өзгөчө абалдан улам түшпөй калды.

Буга чейин Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев март айында бюджетке 39 миллион сом түшпөй калганын маалымдаган. Ушуну менен 1,5 айлык карантин убагында бийлик 103,5 млн сомдон кур калды.

Өзгөчө кырдаалга байланыштуу калаадагы ишкерлердин жумушу токтоп, салык төлөмдөр кескин кыскарып кеткен. Расмий маалыматка ылайык, Ош шаарынын бюджетинин 86,7 пайызы салыктардын эсебинен жыйналат.

Антикризистик программага байланыштуу июнь айында Ош шаардык кеңешинин депутаттары жергиликтүү бюджетти кайрадан карап чыгаары айтылды.

Ош шаарынын 2020-жылдагы бюджети 1 млрд. 325 млн. сом болуп бекитилген.