01.10.2018 10:18

Ош мэриясы майып адамдарга бөлүнгөн үйлөрдү мыйзамсыз бөлүштүргөнү аныкталды

Ош мэриясы майып адамдарга бөлүнгөн үйлөрдү мыйзамсыз бөлүштүргөнү аныкталды

Ош мэриясынын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөнү аныкталды, деп билдирет УКМК.

Буга чейин ачылган кылмыш ишинин алкагында майыптарга Ош мэриясынын кызматтагы адамдары, ошондой эле Турак жана турмуш-тиричилик комиссиясы тарабынан батирлерди мыйзамсыз берүү фактылары аныкталган.

Маалым болгондой, 2017-жылы Ош шаарынын мэриясынын токтому менен «Анар» кичирайонундагы  жаңы салынган көп кабаттуу үйдөн майыптар үчүн 66 батир бөлүнгөн. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө, 8 жарандын кыймылсыз мүлкү жоктугу тууралуу көрсөткөн маалымдамалары жасалма экени, 32 адам батир алгыча Ош, Жалал-Абад облустарынын ар кайсы райондорунда жана Бишкек шаарында жашаганы белгилүү болду. 

Ошондой эле, КРнын Турак-жай кодексининин 44-беренесиндеги «1-2-топтогу адамдарга үйдү биринчи кезекте бериш керек» деген талаптарга карабастан, 3 топтогу 9 адамга үй  берилген.

Бул факт боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан «Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кызматтык укуктарынан аша чабуу» жана «Кызматтык жасалмалоо» беренелери менен кылмыш иши козголду.

Териштирүү жүрүүдө.