04.03.2019 14:08

Ош облусунда эки унаа кагышып, жүргүнчүлөрдүн бири каза болду

Ош облусунда эки унаа кагышып,  жүргүнчүлөрдүн бири каза болду

Ош—Кара-Суу унаа жолунун 11-чакырымында жол кырсыгы катталып, бир киши каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1967-жылы туулган айдоочу «Дэу Тико» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып «БМВ» унаасы менен сүзүшкөн. Кесепетинен «Дэу Тиконун» айдоочусу жана 2 жүргүнчүсү, «БМВнын» айдоочусу ооруканага жеткирилген. Бирок, жүргүнчүлөрдүн бири өзүнө келбей каза болду.

Аталган кырсык боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.